Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:52

Конгресстин жогорку палатасы көпчүлүк добуш менен мурунку сенатор - республикачы Дэн Коутсту Улуттук чалгын кызматынын башчысы кылып бекитти. Коутска макулдугун 85 сенатор берди, 12си каршы болду. Коутс ага чейин Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Дональд Трамптын айланасындагылардын Орусия менен байланыштарын ар тараптуу иликтөөгө макулдугун берген.

Ушундай эле 85 добуш менен Сенат генерал-лейтенант Герберт Макмастерди президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы кылып бекитти. Адатта Ак үйдөн болгон дайындоолор министрлердин кызматынан айырмаланып, Сенаттын колдоосун талап кылбайт. Бирок Макмастер расмий аскер кызматында турганы үчүн, ага Сенат добуш берди.

XS
SM
MD
LG