Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Тажик авиакомпаниялары Орусияга билет бааларын көтөрдү


Тажикстандын аба бекети.
Тажикстандын аба бекети.

“Сомон эйр” аба компаниясы алгач февралдын ортосунан тарта Дүйшөмбү-Москва каттамы боюнча билет наркын 240 доллардан 317 долларга чейин кымбаттаткан. Бир нече күн мурун баа 402 долларга чейин көтөрүлдү. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Орусия каттамы боюнча эң жогорку баа. Бишкектен Москвага чейинки билеттин баасы болжол менен 136 долларды түзөт.

"Сомон эйр" менен Тажикстандын Транспорт министрлиги баалардын наркынын жогорулашынын себептерин түшүндүрө элек. “Тажик эйр” учак майы менен аэропорттун кызмат көрсөтүү баасы кымбаттаганын жүйө келтирүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 800 миңден ашуун тажикстандык мигрант иштейт. Алар мекенине кетүү үчүн туугандарынан жана банктардан билет үчүн карызга акча алууга мажбур болуп жатканын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG