Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Президенттин үстүнөн жазылган арыз 23-мартта каралат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

"Ата Мекен" партиясынын президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 23-мартта каралат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Атамекенчилер" өлкө башчынын 6-мартта Ала-Арча резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айткан сөзү үчүн сотко кайрылган. Ал жыйында Атамбаев "айрым сасык партиялар" деген сөздү колдонгон. Муну "Ата Мекен" партиясы өз дарегине айтылганын билдирген.

Президенттик аппарат сот иши боюнча азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG