Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Алайда жергиликтүү тургунга карышкыр тиш салды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Оштун Алай районунда жергиликтүү тургунга карышкыр тиш салды.

Окуя 15-мартта Терек айылында болгонун, карышкырды чек арачылар атып жок кылышканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун таң атып жаткан кезде ит үрүп, ызы-чуу болгондуктан, сарайдагы мал-жандыктардан кабар алганы кирген. Күтүүсүздөн ошол жерден карышкыр ага тиш салган. Эптеп качып кутулган тургун жараатына байланыштуу жардам сурап "Эгизек" чек ара пунктуна кайрылган. Ага Нура айылындагы ооруканада медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ушул сыяктуу окуя 5-февралда Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Калкагар айылында болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG