Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун айтымында, Мамлекеттик департаменттин буга чейинки чыгашалары туруксуз болуп келген. Ак үй АКШнын келерки жылдын бюджет долбоорун 16-мартта сунуштоого камынууда.
Президент Трамп Мамлекеттик департамент жана айлана чөйрөнү коргоо тармагына каражатты кыскартып, алардын эсебинен аскерий тармактын бюджетин 54 млрд долларга көбөйтүүнү көздөөдө. Бул Трамптын “Американы кайра улуу кылабыз” жана “Америка биринчи орунда” деген ураандарынын алкагында ишке ашырылып жатат.
16-мартта Токиодо сүйлөгөн сөзүндө Тиллерсон Мамлекеттик департамент көп каражат бөлүнгөн мезгилден кетип баратат деп, бирок аз каражат менен да көп натыйжалуу иштерди жасаса болот деп билдирди. Келерки жылы Мамлекеттик департаментке 25.6 млрд доллар бөлүнөрү күтүлүүдө. (AiT)