Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

Трамп: тышкы жардам жана айлана чөйрөгө каражат кыскарат


АКШнын келерки жылкы бюджетинде бул тармактарга чыгаша кыскартылып, коргонууга көбөйтүлөт. 16-мартта жарыялана турган бюджет долбоорунда президент Дональд Трамп коргонууга чыгашаны 10% көтөрүп, ички коопсуздук жана Мексика менен чек арада дубал тургузууга каражатты көбөйтөт.

Мамлекеттик департаментке каражат 28%, айлана чөйрөнү коргоого 31% кыскартылат. АКШ бюджетиндеги мындай өзгөрүү Дональд Трамптын “Биринчи кезекте Америка” жана “элибиздин коопсуздугун камсыздоого артыкчылык берилет” деген ураанына жараша болуп жатат.

Жалпысынан 2018-жылга бюджет 3.8 трлн. доллар деп белгиленди. 16-мартта Токиодо сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон "Мамлекеттик департамент көп каражат бөлүнгөн мезгилден кетип баратат, бирок аз каражат менен да көп натыйжалуу иштерди жасаса болот" деген. Келерки жылга Мамлекеттик департаментке 25.6 млрд. доллар бөлүнөрү күтүлүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG