Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Аксыдагы элдик жыйын тарады


Аксынын Кара-Жыгач айылындагы эскерүү жыйыны, 17.03.2017.
Аксынын Кара-Жыгач айылындагы эскерүү жыйыны, 17.03.2017.

"Азаттык" радиосунун кабарчысынын билдиришинче, Кара-Жыгач айылында элдик жыйын аяктады. Анда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров, укук коргоочу Турсунбек Акун, "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" өкүлү Равшан Жээнбеков, жергиликтүү активисттер сөз сүйлөштү.

Эмилбек Каптагаев бийликти мурдагылардын катачылыгын кайталабоого чакырып, жыйынга экс-президент Роза Отунбаева да келүүнү көздөп, бирок саламаттыгына байланыштуу келе албай калганын билдирди.

Укук коргоочу Турсунбек Акун Аксы окуясына катышкан саясатчылар азыр камакта экенин белгилеп, Боспиектеги курмандыктарды эскерүү иш-чарасында бийлик өкүлдөрү өздөрү эле сүйлөп кетип калды деген нааразылыгын айтты.

Равшан Жээнбеков аксылыктарды жалпыга маалымдоо каражаттарын, сөз эркиндигин коргоого үндөдү.

Бүгүнкү элдик жыйынга 300 чамалуу адам катышты. Жыйында сүйлөгөндөр президентке жана спикерге ачык кайрылуу жолдошуп, саясий куугунтукту, саясий тирештерди, коомчулук арасындагы бөлүнүп-жарылууну токтотууга бийликти чакырышты. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG