Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Сирия: мечитке урулган соккудан 42 адам мерт болду


Эль-Жина шаары, 16-март 2017-жыл.
Эль-Жина шаары, 16-март 2017-жыл.

Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Эль-Жина шаарындагы мечитке ким сокку урганы такталып жатат. АКШ армиясы Сириянын түндүгүндөгү окуя болгон аймакка жакын жерде "Аль-Каидага" каршы чабуул жасаганын, бирок мечитти бутага алышпаганын билдирди. 16-марттагы аба соккусунан 42 киши мерт кетип, жүздөн ашыгы жаракат алды.

Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы “такталбаган аскердик учактар” чабуул койгонун, жабыркагандардын көбү жайкын тургундар экенин кабарлады. Жергиликтүү активисттер аба чабуулунан кийинки абалды көрсөтөт делген видео тасмаларды интернетке жарыялашты.

АКШ аскерлери бейшембидеги чабуулдардан жөн-жай тургундар жабыркады деген маалыматтарды териштирүүгө убада берди.

XS
SM
MD
LG