Бүгүн футбол ассосацияларынын европалык бирлигинин (УЕФА) штаб кеңсеси жайгашкан Швейцариянын Ньон шаарында УЕФАнын Чемпиондор лигасынын 1/4 финалында ойной турган клубдардын чүчү кулак кармашуусу өттү. Аталган уюмдун расмий сайтындагы маалыматка таянсак жыйынтык төмөндөгүдөй:
"Атлетико" (Испания) – "Лестер" (Англия), "Боруссия" (Германия) – "Монако" (Франция), "Бавария" (Германия) – "Реал" (Испания), "Ювентус" (Италия) – "Барселона" (Испания).
Чейрек финалдын биринчи оюндары 11-12-апрелде өтөт. Жооптук беттештер 18-19-апрелде болот.