Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Жеңиш багында жөө жүрүшчүлөр чогулууда


Жөө жүрүштүн катышуучулары
Жөө жүрүштүн катышуучулары

Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн тынчтык жүрүштүн катышуучулары Бишкек шаарындагы Жеңиш багында чогулуп жатышат. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Чогулгандар арасында коомдук ишмер, журналисттер жана жөнөкөй жарандар бар. Жүрүш саат 10:30да башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аяктамакчы.

Буга чейин уюштуруучулар жөө жүрүш тууралуу 10-мартта мэрия жана шаардык милицияны кабардар кылышканы маалымдалган.

Тынчтык жүрүштү уюштургандардын бири Эдил Байсалов, жөө жүрүштө саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн ураандар чакырылып, басма сөзгө болгон чабуулга жарандык коомдун реакциясын бийликке жеткирүү аракети болорун билдирген. Ал жөө жүрүштө "кетсин" деген сөздөр айтылбасын маалымдаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG