Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:27

Мамдума эл аралык медианы текшерүүгө тапшырма берди


Прагадагы Эркин Европа/Свобода радиосунун башкы штабы
Прагадагы Эркин Европа/Свобода радиосунун башкы штабы

Орусиянын Мамлекеттик думасы маалыматтык саясат комитетине “Свобода” радиосун, “Голос Америки” жана CNN медиаларын орус мыйзамдарына шайкештүүлүгүн текшерүү боюнча тапшырма берди.

Мындай демилени “Единая Россия” партиясынан депутат Константин Затулин алып чыкты. Анын айтуусунда, бул текшерүү АКШ конгрессинин Russia Today телеканалын Американын мыйзамдарына шайкеш келүүсүн текшерүүгө жооп болмокчу.

Буга чейин Орусияга таандык телеканал АКШнын президенттик шайлоосуна түз кийлигишкен деп айыпталган.

"Эркин Европа/Свобода" медиакорпорациясы өз тапшырмасы катары демократия баалуулуктарын таратууну көздөйт. Ошондой эле сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдө, эркин пресса жайылганга чейин өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. “Свободанын” Москвадагы бюросу 1991-жылдан бери иштейт. (SDz)

XS
SM
MD
LG