Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

АКШда жашыруун маалымат сакталган ноутбук уурдалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Нью-Йоркто жашыруун кызматтын агенти ноутбугун уурдатты. Бул тууралуу атайын кызматтын сайтына жазылды. Маалым болгондой ноутбукта “Трамп Тауэрдин” планы жана мурдагы мамкатчы Хиллары Клинтондун кат алышуусу боюнча иш материалдар бар болчу.

Жашыруун кызмат уурдалган ноутбукту табууга жардамдашууга чакырып жатат. Себеби ноутбуктагы маалыматтар өлкөнүн улуттук коопсуздугу үчүн өтө маанилүү экендиги билдирүүдө жазылат. Ошол эле учурда Reuters агенттиги маалымдагандай, жашыруун кызматтын адамдарына маалыматты ноутбукта сактоого тыюу салынган.

АКШнын жашыруун кызматы президент жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн жооптуу. Мындан тышкары ведомствонун каржылык кылмышты иликтөөгө укугу бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG