Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Жүрүштө кармалгандардын арасында Би-би-синин журналисти да бар


Жөө жүрүш Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды
Жөө жүрүш Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн милиция депутаттын өзүн кошкондо беш адамды кармап кеткен. Депутат өзү бошотулганын, калган төртөө Свердлов РИИБда түшүнүк кат жазып жатканын, бир саат аралыгында бошотуларын, бошотулбаса жүрүштүн катышуучулары милиция бөлүмүно барышарын билдирди.

Депутаттын маалыматы боюнча кармалгандар - “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков жана ушул эле партиянын мүчөсү Айбек Мырза, энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев жана BBC радиосунун кабарчысы Абдыбек Казиев.

Милиция жөө жүрүш катышуучуларын кармоо боюнча расмий комментарий бере элек.

Жөө жүрүш Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды. Коомдук активисттердин, саясатчылардын катышуусундагы жөө жүрүш саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан алдында эртең менен Жеңиш багында башталган. (SDz)

XS
SM
MD
LG