Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:08

Чокулардын бирине Апрель ыңкылабынын баатыры деген ат ыйгарылды


Архив
Архив

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы чокулардын бирине “Апрель революциясынын баатырлары” деген ат ыйгарылды. Тийиштүү мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ага ылайык Тескей Ала-Тоодогу 4142 метр бийиктиктеги чоку расмий аталышка ээ болот.

“Географиялык аталыштарга өзгөртүү киргизүү” жөнүндө мыйзам парламент тарабынан ушул жылдын 15-мартында кабыл алынган. "Бул мыйзам Апрель баатырларынын атын кылымдарга калтыруу максатын көздөйт" деп жазылат билдирүүдө.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам расмий жарыялангандан тарта күчүнө кирет. (SDz)

XS
SM
MD
LG