Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Роскосмостун мурдагы жетекчиси тергөө абагында өлдү


Роскосмостун мурдагы аткаруучу директору Владимир Евдокимов Москвадагы тергөө абагында каза тапты. Анын жүрөк тушуна эки жолу бычак шилтенгени аныкталууда.

Бул тууралуу ТАССка тергөө комитетинен маалымдашты. Федералдык жазаларды аткаруу кызматынын өкүлүнүн айтуусунда, окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды. Ведомствонун кызматкерлери азырынча кандайдыр бир версияны айтуудан оолак болууда. Буга чейин өздүк булактар ТАССка Евдокимов өзүнө өзү кол салышы мүмкүндүгүн айткан. Анын денеси өзү камалган камерадан табылган.

Владимир Евдокимов өткөн жылдын декабрь айында ири өлчөмдөгү алдамчылык менен камалган. Тергөөнүн алдын ала жыйынтыгында ал 2000-жылдары дагы төрт адам менен бирге мыйзамсыз “МиГ” авиакурулуш корпорациясын менчиктеп алган. Евдокимов күнөөнү мойнуна алган эмес, ал эми Роскосмостун жетекчилиги аны камактан бошотууга чакырып келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG