Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Батыралиев үй-жайсыз адамдарды дарылоо иши менен таанышты


Талантбек Батыралиев (солдо).
Талантбек Батыралиев (солдо).

24-март - кургак учук менен күрөшүү күнүнө утурлай саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкектеги туруктуу жашаган жери жок жана кургак учук менен ооругандардын социалдык жатаканасына барды. 18-мартта министр бейтаптар менен жолугушуп, алардын дарылануу процессине күбө болду. Бул тууралуу министрликтен “Азаттыкка” билдиришти.

Барар жери жок бейтаптарга баш калка берген бул жай үч ай мурда USAID уюмунун “Наркологиядагы альтернативалар” жана “Кургак учукту жеңебиз” долбоорлорунун алкагында курулган. Бул жерге Бишкектеги үй-жайсыз оорукчандар барып жашап, дарылана алышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG