Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Камалган активисттердин адвокаты апелляциялык арыз менен кайрылат


Сөз эркиндигине арналган марш (18-март, 2017-жыл)
Сөз эркиндигине арналган марш (18-март, 2017-жыл)

Кыргызстандын борборунда ишембиде сөз эркиндигин талап кылган жүрүштө беш күнгө камалган активисттердин адвокаты аппеляциялык сотко кайрылууда. Бул тууралуу азыр сотто жүргөн акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев “Азаттыкка” билдирди. Ал кошумчалагандай, учурда камактагылардын адвокаты кезекте турган сотту күтүп жатат.

- Бүгүн жекшемби күн болгондуктан кезметте турган сот келээр-келбеси белгисиз болуп жатат. Эгерде сот апелляциялык арызды кабыл алса, камактагылар дароо бошотулат. Себеби апелляциялык арыз катталгандан кийин соттун чечими күчүнө кирбей токтотулат. Кийин майрамдар бүткөндөн кийин сот дайындалып, ишти кайрадан карай баштайт.

18-мартта Бишкекте “саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” деген ураан алдында тынчтык жүрүшү болуп, ага коомдук ишмерлер, оппозиция өкүлдөрү, журналисттер жана карапайым адамдар катышкан. Жөө жүрүш Бишкектеги Жеңиш багынан башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аяктаган. Иш-чара учурунда милиция жүрүшкө катышкандардын айрымдарын кармап кеткен.

Кечке жуук Свердлов райондук соту кармалган беш адамды беш күнгө камоо тууралуу чечим чыгарган. Ал эми адвокаттар апелляциялык арыз менен кайрылган учурда жумуш күнү бүтүп, ишти кароо бүгүнкүгө калган. (SDz)

XS
SM
MD
LG