Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Рок-н-роллдун башатындагылардын бири Чак Берри каза болду


Чак Берри
Чак Берри

Ишемби күнү АКШнын Миссури штатында рок-н-роллдун пионери Чак Берри дүйнөдөн кайтты. Элвис Пресли биринчи поп-жылдызы болсо, сынчылар Беррини рок жанрынын баштоочусу катары сыпаттап келишкен. Ал өткөн кылымдын 50-жылдары гитаранын коштоосунда музыканын жаңы багытын баштаган.

Чак Берринин өздүк казынасында дүйнөлүк хитке айланган көптөгөн ырлары бар. Ошондой эле ал The Beatles жана The Rolling Stones тобуна жол көрсөтүүчүлөрдөн болгон. Мындан башка Sweet Little Sixteen, Maybellene, Johnny B. Goode, Roll Over Beethoven, Rock-N-Roll Music рок жамааттары Чак Берринин чыгармачылыгынан шык алган.

Атактуу ырчы Боб Дилан өзүнүн сөзүндө Чак Беррини рок-н-роллдун Шекспири деп атаса, Жон Леннон рок-н-роллду Чак Беррисиз элестетүүгө болбосун, бул жанрга Берринин атын ыйгарса тең болоорун билдиргени бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG