Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Түндүк Корея жаңы ракета кыймылдаткычын сыноодон өткөрдү


Бул тууралуу Кореянын борбордук телеграф агенттиги кабарлады. Маалыматта Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жаңы кыймылдаткычты сыноодо өзү дагы болгон жана бул аракет космос мейкиндигин ээлөөдө чоң жылыш экени айтылат.

Эксперттердин божомолунда, Корея алыскы аралыкка учуучу ракетанын кыймылдаткычын текшерип жатышы мүмкүн.

Ал арада Бээжинде жүргөн АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсон аймактагы чыңалууну болтурбоо үчүн Америка Кытай менен бирге иш алып барарын айтты. Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү сапарында Тиллерсон Жапония жана Түштүк Кореяда да болуп, аймакта чыңалуу күчөп баратканы тууралуу көп сөздөр айтылып жатканын кошумчалады.

Бир күн мурун Тиллерсон Пхеньян тараптан коркутуу улана берсе, согуштук аракеттер башталып кетиши мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес. Мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп Твиттерге “Түндүк Корея өзүн начар алып жүрүүдө” деген мааниде билдирүү калтырган.

Акыркы айларда Корея элдик демократиялык республикасы көптөгөн ракетаны сыноодон өткөрүп, өткөн жылы эки жолу ядролук ракетаны учурган. Түштүк жана Түндүк Корея өлкөлөрү "жарым аралды ракетадан арылтуу" боюнча келишимге кол койгонуна карабай, Пхеньян АКШ тараптан коркунуч бар экендигине шылтап, аракеттерди улантып келет.

Түштүк Кореяда АКШнын 28 миң аскери бар болсо, Жапонияда америка аскерлеринин саны 50 миңге жетет. Булар аймакка Түндүк Кореянын ыктымал агрессиясынан улам жайгаштырылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG