Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:16

Абхазияда депутаттыкка талапкердин машинасына ок атылды


18-мартта Абхазиянын Гальск шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Каха Пертаянын автоунаасына ок атылды. ИИМ маалымдагандай, автоматчан белгисиз адам жүрүп бараткан машинаны жолдун жээгинде туруп аткылаган. Машинени талапкердин бир тууганы башкарып баратканы, ал автоунааны коопсуз жайга айдап кетүүгө үлгүргөнү кабарланды. Каха Пертая да өз тапанчасынан жооп катар ок чыгарганга жетишти.

Алгачкы текшерүүдө күч органдары окуя болгон жерден 22 гильза таап, экспертизага жөнөттү. “Абхазия-Информ” кабарлагандай, окуядан эч ким жабыр тарткан жок.

XS
SM
MD
LG