Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Калын: Түркия Германияда үгүт жүргүзүү аракетин көрөт


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркия бийлиги 16-апрелге белгиленген референдумдун алдында Германияда түрк жарандары жана министрлеринин катышуусунда дагы бир жыйын өткөрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрахим Калын CNN Turk телеканалына билдирди.

Андан мурдараак Калын Күрт жумушчулар партиясына митинг өткөрүүгө уруксат бергени үчүн немис бийлигин сынга алган. 18-мартта Германиянын Франкфурт шаарында 30 миңге чукул күрттөр түрк президентинин ыйгарым укуктарын кеңейте турган референдумга каршылык билдирип чыгышкан.

Буга чейин Түркиянын Германияда жана Нидерландда жашаган түрк жарандары үчүн үгүт жыйынын өткөрүү аракетинен майнап чыккан эмес. Европадагы бул эки өлкө коопсуздук маселесин жүйө келтирип, түрк министрлеринин жыйын өткөрүшүнө уруксат бербей коюшкан. Бул аракет түрк бийлигинин кескин сынына кабылып, дипломатиялык кайым айтышууларга жол ачкан.

Нидерланддарда 400 миңдей түрк тектүү жаран жашайт. Ал эми Германияда 1,4 миллион түрк жараны бар.

XS
SM
MD
LG