Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Дамаскта куралдуу жаңжал чыкты


Дамасктын Аль-Кабоун конушу, 15-март 2017-жыл.
Дамасктын Аль-Кабоун конушу, 15-март 2017-жыл.

Сириянын борбору Дамасктын чыгыш тарабында козголоңчуларга ыктаган күчтөрдүн 19-марттагы чабуулунан кийин куралдуу кагылышуу орун алды. Бул тууралуу мамлекеттик медиа жана байкоочулар тобу билдиришти.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, жекшемби күнү Жобар районунда бомба коюлган эки ууна жарылып, бир нече жанкечти өзүн жардырып жиберген. Андан көп өтпөй көтөрүлүшчүлөр Аббасид аянтына багыт алышып, бир нече имаратты ээлеп алышкан жана Дамасктын айрым конуштарына ракета ата башташкан.

Сириянын мамлекеттик медиасы өкмөттүк күчтөр туннел аркылуу түн жарымында Дамаска кирип келген “Аль-Каидага” байланышы бар “террорчулардын” мизин кайтарганын кабарлады.

Сирия баш калаасындагы мындай куралдуу кармаш Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө бир нече күн калган учурга туш келди. Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө алты жылга созулган согуш баш аягы 320 миңдей адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG