Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Навальный Москвада митинг өткөрүү чечиминен баш тартпасын билдирди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный бийликтер Москванын Тверь көчөсүндө 26-мартта өтө турган коррупцияга каршы митингге тыюу салганына карабай, ал өтөөрүн, анткени бул макулдашылганын билдирүүдө. Бул тууралуу ал өзүнүн сайтына жазды.

18-мартта Москва мэриясы калаа борборунда жүрүш өткөрүүгө болбостугун билдирген. Мэрия жүрүш жолдогу кыймылды оорлотот жана тургундардын укугун бузат деп эсептейт. Бирок шаар бийлиги мыйзам талап кылгандай, митингчилерге башка аянт сунуштаган эмес. Навальный муну "жүрүшкө автоматтык түрдө макулдук берүү" деп атоодо.

Марттын башында Алексей Навальный башында турган Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Ушундан кийин Орусиянын ондогон шаарларында активисттер каршылык акцияларын өткөрүүгө уруксат сурап кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG