"Ноокат билимканасы" жеке мектеби уюштуруп жаткан элет жериндеги балдардын билимине арналган талкуу бүгүн Бишкектеги Улуттук китепканада өтөт. Ага мектеп бүтүрүүчүлөрү менен белгилүү маданий ишмерлер катышат. Иш-чарада каражаттын жетишсиздигинен улам айылдык балдардын тиешелүү деңгээлде билим ала албай жатканы талкууланат. Ошондой эле айылдык мектептердин окуучулары чет тилдерин, айрым так илимдерди жакшы өздөштүрө албай, натыйжада жалпы республикалык тестирлөөдө да упайлары төмөн болуп жатканы тууралуу маселе козголмокчу.
"Ноокат билимканасы" мектеби математика сабагын терең өздөштүрүүгө багытталган лицей. 1989-жылы ачылган Ноокат шаарындагы бул мектепти 937 бала бүтүргөн. Анын ичинен 33 бүтүрүүчү алтын медаль, 133 артыкчылык аттестаты менен аяктаган. (ZKo)