Нооруз майрамына карата 20-мартта “Супара” этнокомплексинде "Сүмөлөк -2017" фестивалы болот. Анда 41 кой союлуп, 41 казанга сүмөлөк кайнатылат. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, төрт миң литр сүмөлөк, миң килограмм эт 21-март - Нооруз күнү элге таратылат. Сүмөлөк кайнатуу салтанатына каалагандар күбө болуп, оюн-зоокко катышып, көңүл ачып кетсе болот деп билдирди "Азаттык" радиосуна "Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмесинин теңтөрайымы Элнура Кулуева.
Фестивалда сүмөлөктөн башка кыргыздын улуттук тамак-аштары да жасалат. Ошондой эле кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып, түрдүү улуттук оюндар өтөт. (ZKo)