Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:36

Ак-Сайдын кар баскан жолдору тазаланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө кар басып калган жолдор тазалана баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 19-мартта жолдун көп бөлүгү тазаланды. Башка аймактар менен байланышсыз калган чабандарга жардам жана мал-койго чөп-жем 11 жүк унаасында жөнөтүлдү.

12-марттан бери бороон айдап келген кар күрткүсү Торугарт-Көк-Кыя-Кында жолун басып, өрөөндөгү ондогон кыштоо сарайларына каттоо үзүлгөн. Жергиликтүү бийлик чабандар менен байланышып турганын, ооруп, кыйналгандар жок экенин маалымдаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук бөлүмүнүн адистери да жашоочуларга телефондон байланышып жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG