Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Активисттер жүрүштөгү кармоолор боюнча билдирүү таратты


Жүрүш маалында Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев да кармалып, кийин бошотулган.
Жүрүш маалында Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев да кармалып, кийин бошотулган.

Сөз эркиндигин коргоо комитети жана Конституциялык кеңешме кыймылы биргеликте билдирүү таратып, Бишкекте 18-марттагы жүрүш маалында активисттердин кармалышын сындады.

Дүйшөмбү күнү таратылган билдирүүдө "окуя жарандардын эркиндигин кысымга алуу жана милиция кызматкерлеринин өкүмзорлугу" катары сыпатталат.

Бул боюнча Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна мындай ой бөлүштү:

- Тынч митинг өткөрүү эски Конституцияда да, азыркы Конституцияда да даана, так жазылганын баса белгилеп жатабыз. Андай укуктар бүт кыргыз жарандарына таандык экенин айтуудабыз.

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүш болгон.

Акция учурунда активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаран кармалган. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө аларга Административдик кодекстин үч беренеси - “жол тосуу”, “бейбашчылык”, “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы” боюнча айып коюлуп, беш суткага камалышкан.

Муну укук коргоочулар жана айрым саясатчылар сындап, аларга адвокаттын киргизилбей коюшун демократия талаптарын бузуу катары сыпатташкан.

Бийлик бул боюнча расмий билдирүү жасай элек. Милиция өкүлдөрү активисттер мыйзам бузганы үчүн тиешелүү эрежелердин негизинде жоопко тартылганын айтышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG