Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Эрдоган немис журналистин "террорчулардын тыңчысы" деп атады


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өткөн айда кармалган немис журналистин "террорчулардын тыңчысы" деп атады:

- Бир ай бою өзүн журналист деп атаган террорчулардын тыңчысы Германиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда жашырынып жатты. Эми аны Германияга өткөрүүнү сурашууда, - деген Эрдоган журналисттин ишин түрк соту карап чыгарын белгиледи.

Die Welt басылмасынын кабарчысы Дениз Южел террорчулукту жайылтууга шектелип февралда камакка алынган. Германия канцлери Ангела Меркел аны бошотууну талап кылып келүүдө.

Журналисттин кармалышы Түркия менен Европа өлкөлөрүнүн мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

Германия жана Нидерланд марттын башында өз аймактарында жашаган этникалык түрктөргө Түркия министрлеринин катышуусунда президент Эрдоганды колдогон митингдерди өткөрүүгө уруксат бербей койгон. (SE)

XS
SM
MD
LG