Эгер Сирия дагы бир жолу Израил учактарына чабуул жасаса, Дамасктын бардык абадан коргонуу комплекстери "тез арада" жок кылынат. Бул тууралуу жекшембиде Израилдин коргоо министри Авгидор Лебарман баяндама жасаган учурда айтты.
17-мартка караган түнү Сирияда атайын тажрыйба өткөрүп жаткан Израил аскерий учактары зенит ракеталарынын чабуулуна кабылган. Сирия өкмөтү учактардын бири уруп түшүрүлгөнүн маалымдаган, бирок Израил аны бышыктаган эмес.
Учактар Ливандагы шииттердин "Хезболла" тобуна ок-дары алып бараткан кербенге сокку урганы кабарланган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Израил Сириядагы согушка аралашууга кызыкдар эместигин белгилейт. (SE)