Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Жапония жана Орусия министрлери Токиодо жолугушту


Токиодо Орусия жана Жапониянын тышкы иштер жана коргоо министрлери жолугушту. «Эки плюс эки» форматындагы сүйлөшүүлөр акыркы жолу 2013-жылдын ноябрында өткөрүлгөн. Кийин Крымдын аннексиясы жана Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттер башталганда Жапония Москвага каршы санкцияларды колдоп, мындай кездешүүлөр токтоп калган. Өткөн жылдын соңунда эки тараптуу мамилелер оңолуп, президент Владимир Путин Токиого барып кеткен.

Бул жолку жыйында Жапония талаштуу Курил аралдарынын түштүк тарабында биргелешип чарбалык иштерди жүргүзүү сунуштары менен тааныштырды. Мындай кызматташтык жөнүндө эки өлкө лидерлери буга чейин макулдашкан.

Жапон министрлери Орусиянын аралдарга ракеталарды жайгаштыруу жана аскердик дивизия жөнөтүү пландарына камтамасын билдиришти. Расмий өкүлдөр ошондой эле Түндүк Кореянын ядролук программасын талкуулашты.

XS
SM
MD
LG