Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Милиция активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди


Бишкектеги жүрүш, 18-март, 2017-жыл
Бишкектеги жүрүш, 18-март, 2017-жыл

Ички иштер министрлиги Бишкекте активисттердин беш күнгө камалышы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алар мыйзам эрежелерин сактабай, коомдук тартип бузгандыгы үчүн камалышкан:

- Акцияга катышкандар Бөкөнбаев жана Абдырахманов көчөлөрү кесилишкен жерде коомдук тартипти бузуп, автоунаа жүрчү жолду бир канча убакытка тосуп койгону аныкталган. Милициянын талаптарын аткарбаганы, жол тосуу аракети болгону үчүн жана майда бейбаштык үчүн беш күнгө камалышкан.

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүш болгон.

Акция учурунда активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаран кармалган. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө аларга Административдик кодекстин үч беренеси - “жол тосуу”, “бейбашчылык”, “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы” боюнча айып таккан.

Муну укук коргоочулар жана айрым саясатчылар сындап, аларга адвокаттын киргизилбей коюшун демократия талаптарын бузуу катары сыпатташууда.

Сөз эркиндигин коргоо комитети жана Конституциялык кеңешме кыймылы биргеликте билдирүү таратып, бул кармоо Конституция нормаларына дал келбей деп сындады. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG