Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:54

Германияда СДП лидери Шульц канцлердикке талапкер болду


Германиянын Социал-демократтар партиясы Европарламенттин мурдагы президенти Мартин Шульцту канцлердик кызматка талапкер деп жарыялады. Ал 24-сентябрда өтө турган парламенттик шайлоодо партияны жетектөө менен катар учурдагы канцлер Ангела Меркелге атаандаш болмокчу. Шульц партиянын жекшемби күнү Берлинде өткөн курултайында добуштардын 100 процентин, же 605 делегаттын колдоосун алды.

"Бул – мен үчүн жана баарыбыз үчүн толкундаткан көз ирмем. Ишеним көргөзгөнүңөр үчүн рахмат. Менимче, бул жыйынтык – канцлердик орун үчүн алгачкы кадам. Ошондуктан аны кабыл алам”.

Шульцтун талапкерлиги жарыялангандан кийин Социал-демократтар партиясынын рейтинги көтөрүлө түштү. Азыркы тышкы иштер министр Зигмар Габриэль январь айында партиянын лидерлигинен кеткенден кийин анын ордуна Мартин Шульц келген. Бул партия учурда Меркелдин Христиан-демократтар партиясы менен бир коалициялык көпчүлүккө кирет.

XS
SM
MD
LG