Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:48

Өзбекстан президентинин Москвага мамлекеттик сапары даярдалууда


Шавкат Мирзиеев
Шавкат Мирзиеев

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен президент Шавкат Мирзиеевдин Москвага иш сапарын талкуулашты.

Орус тышкы мекемесинин маалыматы боюнча, сүйлөшүү 18-мартта Өзбекстандын демилгеси менен болду. Апрель айына Мирзиеевдин Орусияга алгачкы мамлекеттик визити пландалууда. Анын жүрүшүндө кол коюу үчүн бир катар документтер даярдалды. Арасында эмгек миграциясы, саламаттыкты сактоо, регионалдык кызматташтык, туризм жана башка тармактардагы өкмөттөр аралык келишимдер бар.

XS
SM
MD
LG