Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Таласта мас мугалим окуучуну сабаганы кабарланды


Талас районунда Мырзабек Мамбетов атындагы орто мектептин мугалими мас абалында 6-класстын окуучусун сабаганы кабарланды.

Жабырлануучу тарап «Азаттык» радиосуна билдиргендей, Козучак айылындагы мектептин окуучусу 16-март күнү мугалимден таяк жеген. Ал мас экени, окуучу сабакка көңүл бурбаганы үчүн ачууланып сабаганы айтылат маалыматта.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын ага инспектору Динара Сарногоева мындай окуя болгонун тастыктап, териштирүү башталганын билдирди:

- Бизге арыз түшкөн. Азыр бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Экспертиза дайындалган. Тергөө иштери бүткөндө кошумча маалымат берилет.

Мектеп жетекчилиги жана окуучуну урду деп шектелип жаткан мугалим окуя боюнча комментарий берген жок. Райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымат алууга азырынча мүмкүн боло элек.

"Азаттык" радиосу экинчи тараптын пикирин угууга жана аны жарыялоого даяр. (AlS)

XS
SM
MD
LG