Гаагадагы трибуналда босниялык хорваттардын мурдагы лидери Ядранко Прлич жана дагы 5 кишинини апелляциялык арызын кароо башталды. Мурдагы Югославия боюнча Эл аралык кылмыш соту 2013-жылы алты босниялык хорватты Босния-Герцеговинада 1992-95-жылкы согуш учурунда адамзатка каршы кылмыштары үчүн 10 жылдан 25 жылга чейин кескен. Соттук угуулар бир жума созулмакчы.
Азыр 57 жаштагы Прлич уруш маалында мусулмандарды өлтүргөн жана депортациялаган деп күнөөлөнүп 25 жылга эркинен ажыратылган. Соттолгондордун бардыгы күнөөлөрүн четке кагып, иштин кайра каралышын же жаза мөөнөттөрүнүн кыскартылышын талап кылышууда. Сот чечими ушул ноябрда чыгат деп күтүлүүдө.