Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Коми: Орусиянын шайлоого ыктымал аралашуусу иликтенүүдө


АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун директору Жеймс Коми Орусиянын расмий адамдары менен президент Дональд Трамптын жардамчыларынын байланыштары иликтенип жатканын бышыктады.

Бул тууралуу ал 20-мартта Өкүлдөр палатасындагы чалгындоо комитетинде Орусиянын Кошмо Штаттардагы былтыркы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча алгачкы угуулар учурунда билдирди.

Конгрессмендердин суроолоруна ФБРдин директору жана Улуттук коопсуздук агенттигинин жетекчиси Майк Рожерс жооп беришти.

Президент Доналд Трамптын администрациясы иштей баштаган эки айдан бери Орусиянын шайлоого ыктымал аралашуусу жана ФБР муну иликтеп жатат деген маалыматтар байма бай айтылып келет.

Угууларды ачып жатып Коми анын мекемеси адатта мындай иликтөөлөрдү бышыктабасын, бирок бул өзгөчө учур экенин айтты. Ошондой эле ал кийлигишүүгө баа берилерин белгиледи. Коми иликтөөнүн чоо-жайы купуя сакталарын, ага ким катышарын ачыкка чыгарбасын эскертти. ФБР Конгресстин лидерлерин гана иликтөөнүн жүрүшү тууралуу жашыруун түрдө кабардар кылмакчы.

Конгрессмен Девин Нунес Орусияга сыр маалыматты ким өткөрүп берип турганын аныктоо керектигин белгиледи.

Демократ-конгрессмен Адам Шифф чет мамлекет – Орусия компьютерлерди бузуп кирүү, сырдуу маалыматтарды тымызын алуу аркылуу 2016-жылы АКШдагы шайлоо кампаниясына кийлигишкен деди. Бул Дональд Трамптын пайдасына, Хиллари Клинтонго зыян келтирүү үчүн колдонушкан, - деди конгрессмен.

ФБРдин директору ошондой эле аларда да, Юстиция департаментинде да Трамптын Нью-Йорктогу кеңсеси жана үйү мурдагы президент Барак Обаманын тапшырмасы менен тыңшалып турган деген маалыматты бышыктаган далилдер жок деди. Трамп анын сүйлөшүүлөрү жазылып турганын 4-мартта Твиттерге жазган.

Президент Орусия 8-ноябрдагы шайлоого таасир тийгизүүгө аракеттенген деген ырастоолорду четке кагууда.

Демократтар начар жүргүзүлгөн кампаниясы үчүн актануу максатында Орусия жөнүндөгү кептерди өздөрү ойлоп таап, сүрөөнгө алып келатышат, - деп жазды президент 20-мартта Твиттерге.

Буга чейин анын Улуттук коопсуздк кеңешчиси шайлоо кампаниясы маалында Орусиянын элчиси менен жолугушканы ачыкка чыккандан кийин кызматынан кеткен.

Москва шайлоого кийлигишкен деген дооматтарды абсурд деп атап келет.

XS
SM
MD
LG