ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө алты миң милиция кызматкери тартылат, ал эми Бишкекте эки миң милиционер майрам коопсуздугуна көз салат.
Милиция кызматкерлеринин көзөмөлү эл көп топтолуучу жайларда, майрамдык салтанат жана концерттер өтүүчү жерлерде, маанилүү стратегиялык обьектилерде күчөтүлөт. Эл арбын чогулуучу жерлерге кошумча күчтөр тартылат. Андай жерлер милиция кызматкерлери менен тосмолонуп, ичкериге өткөрүү атайын белгиленген түйүндөрдө гана жүргүзүлөт.
Нооруз күнү Бишкекте автоунаа кыймылына да чектөө киргизилет. Улуттук ат оюндарына байланыштуу "Аккула" атмайданы жайгашкан Термечиков көчөсү жабылып, ага чектеш көчөлөрда автоунаа кыймылына мезгили менен чектөө коюлат. Ала-Тоо аянтын курчаган Фрунзе, Чүй жана Киев көчөлөрү да Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жабык болот.(ZKo)