Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:16

Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанат башталды


Борбордук аянттагы майрамдык салтанатты Бишкектин мэри Албек Ибраимов ачып, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков элди куттуктады.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков окуп берди. Анда Кыргызстандын алдында президенттик шайлоо турганы, элге ынтымак керектиги белгиленген. Өкмөт башчы куттуктап жатып, коомдо адилеттүүлүк орнотуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалып жатканын, саясатта, экономикада, сот системасында, жарандык коомдо өзгөрүү аракеттери башталганына токтолду.

Ала-Тоо аянтында түшкү саат экиге чейин театралдаштырылган оюн-зооктор болот. Эски аянтта да кечке чейин концерт коюлат. Улуттук оюндар боюнча иш-чаралар, спорттук мелдештер өткөрүлүп, төрт райондо сейилдөөлөр уюштурулууда. Нооруз майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында белгиленип жатат. (NT/ZA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG