Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Ысык-Көлдө алты гектар токой өрттөндү


Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында, Балыкчы-Каракол автожолунун 26-чакырымындагы камыш жана чычырканак токою 18-мартта өрттөнүп кетти.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ысык-Көл облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Жумагазиев билдирди. Анын айтымында, күйүп кеткен токойдун аянты 6 гектар.

Тилсиз жоону райондук өрт өчүрүү жана токой чарба кызматкерлери өчүргөн. Социалдык тармактарда токой көл жээгине пансионат салуу үчүн өрттөлгөнү тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Бирок ал расмий ырастала элек. Жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы өрттүн себебин иликтөөдө. (AsM)

XS
SM
MD
LG