Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Лукашенко демонстрациялар үчүн Батышты айыптады


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдөгү нааразылык акцияларына шыкак берди деп Батыштын чалгын кызматтарын айыптады. Ал 21-мартта сүйлөгөн сөзүндө Батыш Беларустагы “бешинчи колоннага” колдоо көрсөтүү менен туруктуулукка шек келтирип жатат деп айтты. Февраль айынан бери өлкөнүн бир катар ири шаарларында “бекерпоздордун салыгы” деп мүнөздөлгөн декретке каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгып жатышат. Бул Беларустагы соңку жылдарда байкалган эң ири элдик толкундоо болуп калды.

Президент Лукашенко кырдаалды жөнгө салаарын, өкмөт жооп кайтараарын белгиледи. Жаңы салык эрежесине ылайык, иштебеген жарандар кеминде 200 доллар төлөөгө милдеттендирилген. Бирок нааразылык акцияларынан кийин президент салык чогултууну 2018-жылга чейин токтотуп койгон. Буга карабастан демонстрациялар токтобой, март айынан бери камакка алынган активисттердин саны 150дөн ашты.

XS
SM
MD
LG