Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Көкбөрү боюнча финалдык мелдеш өтүүдө


Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча мелдештин финалдык таймашы өтүп жатат. Баш байге үчүн Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командасы таймашууда.

Учурда оюндун экинчи бөлүгү башталды. Азырынча 4:4 эсебинде эки тайпа тең баратат.

Бүгүн түшкө чейин болгон 3-орун үчүн беттеште Сокулук (Чүй) командасы Таластын "Мурас" командасын 9:3 эсебинде жеңип, 150 миң сом акчалай сыйлык алган. Ал эми төртүнчү орунга ээ болгон "Мурас" командасына 100 миң сом ыйгарылат.

Ак-Кула ат майданында 15-мартта башталган оюндарга Чүй, Талас жана Ош облустарынан 12 команда катышты.

Ноорузга карата көкбөрү боюнча мелдештин финалдык бөлүгү Ош облусунун Төлөйкан айылындагы ат майданда да өтүп жатат. Биринчи орун үчүн Ош облусунун Ош жана Ноокат командалары тирешүүдө.

3-орун үчүн беттеште Кара-Кулжа командасы Жалал-Абад облусунун Көк-Арт командасын 6:1 эсебинде жеңип алган болчу.

Көкбөрүдөн тышкары аталган эки ат майданда тең бүгүн эр эңиш, кунан чабыш, жорго салыш өңдүү ат оюндарынын 9 түрүнөн жарыштар болду. Мелдештерди Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция уюштурду. Ага жалпысынан 3 миллион 750 миң сом бөлүнгөн.

Бишкектеги көкбөрү оюнун "Азаттык" радиосу түз эфирде көрсөтүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG