Францияда 20-марттын түнүндө президенттик жарыштын алдындагы алгачкы теледебат аяктады. Анда биринчи сапта келаткан борборчул көз караштагы талапкер Эммануэл Макрон өз позициясын бекемдеп алды.
Дээрлик үч жарым саатка созулган дебатта мурда экономика министри болуп иштеген Макрон калган беш талапкердин ичинен көбүрөөк ишеним жаратканын сурамжылоолор көргөздү. Европанын интеграциясын жактаган бул талапкер негизги атаандашы, ашынган оңчул талапкер Марин Ле Пен менен иммиграция, радикалдуу ислам маселесинде кайым айтыша кетти. Ле Пен Францияда радикалашкан жарандардын саны өскөнүн айткандан кийин, Макрон мусулман жарандарды жактап сүйлөдү.
“Мен иммиграцияны токтоткум келет. Бул анык. Мен бул сөзүмө турам. Мен мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграциянын тамырын кырккым келет”, - деди ашынган оңчул талапкер Марин Ле Пен.
“Ле Пен айым, чагымчыл аракетиңизден улам сиз түшкөн тузак коомду бөлүп жарып жатат. Республиканын душмандарын пайда кылууда",-деп жооп кайтарды Эммануэл Макрон.
23-апрелге белгиленген президенттик шайлоого чейин дагы эки теледебат өтөт. Шайлоого баш-аягы 11 талапкер катышууда. Сурамжылоого ылайык, учурда француз шайлоочуларынын 40 пайызга жакыны кимге добуш берерин чече элек.