Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40

Көк бөрү: Талас командасы жеңди


Нооруз майрамына карата уюштурулган Көк бөрү боюнча Бишкекте жана Ошто өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданындагы финалдык таймашта Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары беттешти.

Оюнга берилген негизги убакыт 7:7 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген 10 мүнөттө "Ынтымак" командасынын оюнчулары улакты биринчилерден болуп тайказанга салып 7:8 эсебинде жеңишке жетти.

Чүйдүн Сокулук командасы Таластын "Мурас" командасын 9:3 эсебинде жеңип 3-орунду алды. Ош облусунун Төлөйкан айылындагы ат майдандагы финалдык таймашта Ош командасы Ноокат командасын 6:3 эсебинде жеңип алды.

3-орунду Кара-Кулжа көкбөрүчүлөрү алды. Алар Жалал-Абаддын "Көк-Арт" командасын 6:1 эсебинде уткан. Көк бөрү боюнча Ноорузга арналган мелдештер 15-мартта башталган. Ош облусундагы оюндарга 10 команда катышты. Бишкектеги таймаштарда Чүй, Талас жана Ош облусунан 12 команда күч сынашты.

Мелдештерди уюштурууга Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 3 миллион 750 миң сом сарпталган. Анын 300 миңи Ош облусундагы мелдештердин байге фондуна берилди. Ал эми Бишкектеги оюндардын байге фонду 1 миллион 30 миң сомду түздү.

1-орунга 350 миң сом, 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 150 миң сом жана 4-орунга 75 миң сом берилди. Жалпы 12-орунга чейин акчалай байге тапшырылды. Байге фондунун 700 миң сомун президент, 330 миң сом Көк бөрү федерациясы берген. Жеңүүчү командага акчалай сыйлыктын сертификатын президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, парламент депутаты Канат Исаев тапшырды. (ECh)

XS
SM
MD
LG