Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Бакуда Нооруз фестивалы өтүүдө

Бакудагы майрамдык иш-чара
Бакудагы майрамдык иш-чара

Азербайжандын баш калаасы Бакуда Нооруз майрамына карата бир апталык фестивал башталды. Өлкөнүн туризм боюнча улуттук мекемеси билдиргендей, жети күн бою майрамдык иш-чаралар, көргөзмөлөр өткөрүлөт.

Бир апта бою уланган концерттерде Азербайжандын көпчүлүк райондорунан келген 40 эмгек жамааты өнөрлөрүн тартуулашат. Мындан тышкары Карабак күлүктөрүнүн өзүнчө шоусу белгиленген. 26-мартка чейин улануучу бул фестивал туристтерди тартуу максатын көздөйт.

21-мартта Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү баштаган дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Нооруз майрамын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG