Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

OCCRP: Орусиядан 20 млрд доллар чыгарылып кеткен


2010-2014-жылдары Орусиядан кеминде 20 миллиард доллар чыгарылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу “Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны маалымдоо долбоору” (OCCRP) деп аталган эл аралык уюмдун 20-мартта жарыяланган баяндамасында айтылат.

Уюм ири суммадагы акчанын изи жашырылганын күбөлөгөн иликтөөнү Молдовадагы жана Орусиядагы өнөктөштөрү менен чогуу жүргүзгөн. Баяндамага ылайык, бул ишке аралашкан орус жарандарынын көбүнүн Орусиянын өкмөтү жана коопсуздук кызматтары менен байланышы болгон.

“Каражаттардын бир бөлүгү көз боёмочулук, мамлекеттик келишимдерди бурмалоо жана салыктан качуу жолдору аркылуу Орусиянын каржы системасынан чыгып кеткен”,-деп айтылат уюмдун “Глобалдык ландромат” деп аталган баяндамасында.

XS
SM
MD
LG