Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Камактагы активисттердин адвокаттары апелляциялык арыз беришет


Акциядан бир көрүнүш
Акциядан бир көрүнүш

18-мартта саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргоп тынчтык жүрүшүнө чыккан беш активист Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен беш суткага камалган. Кийинки күндөр дем алыш, Нооруз майрамына туш келгенине байланыштуу адвокаттары жогорку тепкичтеги сот бутагына апелляциялык арызды 22-мартта тапшырууга аргасыз болуп жатышканын коомдук ишмер Эдил Байсалов "Азаттыкка" билдирди.

Үч күндөн бери Бишкек милициясынын убактылуу камоочу жайында кармалып турушкан активисттер катаал шартта жаза өтөп жатканын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирген.

18-мартта Бишкекте өткөн "Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн" деп аталган жүрүштө беш активист камакка алынган. Аларды Свердлов райондук соту майда бейбаштык, милицияга баш ийбөө жана жолду мыйзамсыз бөгөө беренелери боюнча айыптап, беш суткага камоо чечимин чыгарган. Кармалгандар чечим алардын адвокаттарын катыштырбай одоно мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG