Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:25

"Элдик парламент" мүчөлөрүнүн соту болот


Бүгүнкү сот жараянында "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүнө өкүм чыгарылышы күтүлүүдө. Өткөн айдагы акыркы сот процессинде жарыш сөз бүтүп, соттолуучуларга акыркы сөз берилген. Алар коюлуп жаткан күнөөнү четке кагууда.

Прокуратура "Элдик парламенттин" мүчөлөрү Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 15, Эрнест Карыбековду 22, Дастан Сарыгуловду 12 жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү сураган. Жактоочулар аларды актоону талап кылышкан.

Оппозиция мүчөлөрүнүн иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башынан эле жабык өтүп келе жатат.

"Элдик парламент" оппозициялык кыймылдын аты аталган өкүлдөрү "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталып, 2016-жылдын май айында камалган.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG