Жогорку Кеңештин депутаттары 22-23-мартта жер-жерлерде шайлоочулары менен жолугушат. Бул тууралуу токтом парламенттин соңку отурумунда кабыл алынган.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жолугушууларда жазгы айдоо иштерине даярдык, тоолуу аймактардагы кардын көп түшүүсүнөн жаралган түйшүктөр, жазында күтүлүүчү табигый кырсыктарды алдын алуу жана башка маселелер тууралуу сөз болот.
24-мартта парламент депутаттары фракциялардагы иштерине кайтышат.(ZKo)