Алай районунда кар көчкүнүн айынан бир нече кожолукка каттам жабылып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 20-март күнү болжол менен саат 18:10 чамасында Мурдаш айылынын Ак-Талаа участогуна 2500 м³ кар көчкү түшүп, ички чарбалык жол жабылган. Мурдаш айылында болжол менен 200 кожолук жашайт, анын экөөнө учурда жол каттамы жок. Жолду тазалоо иштери уланууда. Жабыркагандар жок. (RK)