Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматында иштегендер “Социалдык акыйкаттыктын бир айлыгы” деген аталышта кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
20-февралдан 20-мартка чейинки аралыкта жалпы өлкө аймагында өткөн акция алкагында жаза аткаруу системасында иштеген, социалдык жардамга муктаж 42 кызматкерге 187 миң сомдук азык-түлүк берилди. Ошондой эле абакта жаткан, багар-көрөрү жок 826 жаранга 284 миң сомго гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Акцияны өткөрүүгө бир нече эл аралык уюм көмөктөштү.
Сабатарова белгилегендей, мындай кайрымдуулук иш-чаралары жыл сайын уюштурулуп турат. (RK)